12 жылдык билим берүү. Догдуркүл Кендирбаева окуу китептери кандай жаңыланарын айтып берди

Билим Загрузка... 12 Март 2025 19:42
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек,12.03.25./Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү системасындагы окуу китептерин жаңыртуу маселеси боюнча маалымат берди.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда так илимдер боюнча жаңы окуу китептери даярдалып жатат. Дүйнөлүк стандарттарга жооп берүү жана сапатты жогорулатуу максатында эң алдыңкы өлкөлөрдөн лицензияланган окуу китептери алынды.

Учурда китептерди которуу жана адаптациялоо иштери ыкчам жүргүзүлүүдө.

"Которуп бүткөн китептерди практикалык мугалимдер менен биргеликте адаптациялоо иштери жүргүзүлүп, андан соң терминологиялык комиссиянын кароосуна сунушталат. Китептерди сентябрь айына чейин басып чыгаруу пландалууда",-деп айтылат маалыматта.