Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Кара-Кулжа районунун тургуну ага негизсиз кылмыш иши козголгонун айтты. Ал бул тууралуу күн мурун, 14-апрелде президент Садыр Жапаров аталган райондун тургундары менен жолукканда билдирди.
Анын айтымында, Ош шаарындагы муниципалдык кызматтын башчысы болуп иштеп турганда, Валентина Терешкова атындагы мектепке УКМКнын мурдагы төрагасы келип, имаратты толугу менен бузууну тапшырган. Бирок үч жылдан кийин шаардык прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, 1 млн сом төлөткөн.
"Мен бардык документтерди тактатып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана көз карандысыз экспертизанын корутундусун да алгам. Ош шаарынын мэринин тез арада бузуу жөнүндө протоколу да чыккан. Анан бузуу иштери жүргөн. Бирок үч жылдан кийин мага кылмыш иши козголуп, 4 ай камакта жаттым. Ошондой эле 1 млн сом төлөттү", — деди ал.
Жаран кайрылуусунда тергөөчү Эсептөө палатасынын кызматкерине бузулган имаратта канча кирпич бар экенин эсептетип, баалоо жүргүзүп, 7 млн 713 миң сом жок кылынганына айыптаганын белгиледи.
Жергиликтүү тургундун кайрылуусун уккан президент Садыр Жапаров В. Терешкова атындагы мектеп толугу менен бузулуп, жаңысы салынганын, ачылышына өзү катышканын айтты. Мамлекет башчысы прокуратура жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра карап чыгышы керектигин белгилеп, айып төлөгөн жарандын 1 млн сомун кайтарып берүүнү тапшырды.
Эске салсак, былтыр август айында Ош шаарында №11 Валентина Терешкова атындагы жатак мектеби ачылган. 1963–1964-жылдары курулган жатак мектеп толук реконструкциялоодон өткөн.