Мексикага АКШдан 39 миңдей адам кайтты

Дүйнө Загрузка... 30 Апрель 2025 10:33
WhatsApp Image 2025-04-30 at 07.22.18.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек 30.04.25. /Кабар/. Мексикага АКШдан 38 миң 757 адам кайтты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, өлкөгө кайтып келгендердин көпчүлүгү мексикалык жарандар.

Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум билдиргендей, Дональд Трамп бийликке келгенден бери 33 311 мексикалык, 5 446 чет өлкөлүк жаран кайтты.

Эми чет өлкөлүктөр мамлекеттине өз эрки менен кетүүгө макул болсо, авиакаттамдар уюштурулат. Кээ бир учурларда гана Мексиканын аскер-аба күчтөрүнүн учактары тартылат.