Мексикада жол кырсыгынан кеминде 11 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 11 Март 2025 10:30
WhatsApp Image 2025-03-11 at 06.59.35.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Күн мурун Мексиканын түштүк-чыгышындагы Оахака штатында болгон жол кырсыгынан кеминде 11 адам каза болду. Бул тууралуу “Синьхуа” маалымат агенттиги жергиликтүү басылмаларга таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, Митла-Техуантепек шоссесинде жана Санто-Доминго Нарро провинциясына жакын жерде жүргүнчү ташыган автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, оодарылып кеткен.

“11 адам каза болду. Ал эми жабыркагандар дароо жакынкы ооруканаларга жеткирилген, алардын экөөнүн абалы оор”,-деп айтылат жергиликтүү басылмалардын билдирүүсүндө.

Учурда кырсыктын чоо-жайын тактоо үчүн иликтөө иштери башталды.