Россиядагы алдамчылык: Жабырлануучу президенттен жардам сурады

Президент

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун бүгүн, 23-октябрда Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын эли менен жолугушуусунда Россияда мекендешине алданган кыргызстандыктардын бири президент Садыр Жапаровго кайрылып, алардын маселесин көзөмөлгө алууну өтүндү.

Ал Россиядан атайын Кыргызстанга президент менен жолугуп, арыз-муңун жеткирүү үчүн келгенин айтты.

Анын айтымында, Россияда кыргыз жарандары бири-бирин алдоо менен байланышкан иштерге аралашып, айрымдары кылмыш жасап, Кыргызстанга качып келип жатышат. Жабырлануучулар Россиянын тиешелүү органдарга жана Кыргызстандын элчилигине кайрылганда, шектүүлөрдү Россиянын аймагынан таба албай калган учурлар болууда.

Жабырлануучу өзү да Жети-Өгүз районунун Ак-Өгүз айылынын тургуну тарабынан алданганын айтып, бул ишти жеке көзөмөлгө алууну өтүндү.

"Биздин алданган топто 60ка жакын адам бар. Алар акыркы үч-төрт жылда төлөгөн акчалардын жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашып кетти го деп ойлойм. Менин өзүмө эле 15 миллион сом карыз", — деди ал.

Анын билдирүүсүндө, шектүү Кыргызстанга качып келип, ага карата тиешелүү чара көрүлбөй жатат.

"Биздин маалыматтарыбызды алып, арыздарыбызды кабыл алып, ишти тыкыр териштирип берсеңиздер", — деп кайрылды ал.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров жеринде тиешелүү органдарга окуяны көзөмөлгө алууга тапшырма берди.