Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү мекендештерди кайтаруу боюнча билдирүү жасады.
"Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, Ата Мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат.
Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу, Оман өлкөсү менен сүйлөшүп, эки учак жалдап 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашууга жетиштик.
Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет.
Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет.
Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам", - деп жазган президент.