Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдарда жарандарды кабыл алуу жана медициналык кароолорго мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Мониторингдин жүрүшүндө жарандарды кабыл алуунун уюштурулушу, бейтаптарды тиешелүү медициналык кызматтарга багыттоо, дарыгерлердин иш жүгүн бөлүштүрүү, медициналык кароолордун графиги жана калкка маалымат берүү маселелери каралды.
Мониторингдин жыйынтыктары министрликтин саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери менен өткөн жумалык кеңешмеде талкууланды.
Жыйынтыгында медициналык кароолорду жеткиликтүү жана сапаттуу уюштурууга, жарандардын агымын жөнгө салууга жана медициналык уюмдардын ишин жакшыртууга багытталган кошумча чаралар аныкталды.