Медициналык камсыздандырууда жаңы тартип: Президент мыйзамга кол койду

Президент Загрузка... 22 Февраль 2026 16:20
photo_5287779537029_dzrziq5.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.02.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров“Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзам Кыргызстандагы медициналык камсыздандыруу тутуму боюнча камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана объективдүү маалымат алуу укуктарын камсыз кылуу, ошондой эле Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын (мындан ары – Мамлекеттик кепилдиктер программасы) алкагында көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Мыйзам менен аталган мыйзамдын 13-беренесине өзгөртүү киргизилген, ага ылайык камсыздандырылган жактар милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча медициналык, фармацевтикалык, алдын алуучу, реабилитациялык жана ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүүлөрдү алууга, ошондой эле аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү, сапаты жана шарттары жөнүндө берүүчүдөн жана камсыздандыруучудан анык маалыматты алууга укуктуу.

Ошондой эле, аталган мыйзамдын 16-беренесинде медициналык милдеттүү камсыздандыруу тутумундагы тейлөөчүлөрдүн милдеттери кеңейтилген, ага ылайык аталган тейлөөчүлөр:

– камсыздандырылган адамдарга көрсөтүлгөн медициналык жардам жөнүндө маалыматтардын жекелештирилген эсебин жүргүзүүгө;

– көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана шарттары жөнүндө маалыматты, ошондой эле алардын тизмегин Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык бардык жарандарга көрүнүктүү жерде жайгаштырууга;

– медициналык камсыздандыруу субъекттерине иштөө режими, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү, ошондой эле тизмеги Мамлекеттик кепилдиктер программасында белгиленүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн жана сапатынын көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды толук берүүгө милдеттүү.