Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары алмашты

Кадрлар жана дайындоолор 14 февраль 2025 17:12
Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары алмашты

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Исмаилов Медербек Адышевич саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. 

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемесине ылайык, Токтомуратов Манас Азимжанович саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.