Медер Абакиров Түркия элчисинен ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат Загрузка... 08 Апрель 2025 09:30
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Окемден ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, Медер Абакиров Мекин Мустафа Кемал Окемди бул жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Бишкектеги кызматынын жүрүшүндө ийгиликтерди каалады. Ал элчинин жигердүү колдоосу менен Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да өлкөлөр ортосундагы Жалпы камтуучу стратегиялык өнөктөштүктүн духунда бекемделе берет деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги иш-чараларга байланыштуу актуалдуу маселелерди, ошондой эле саясий жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү кыргыз-түрк мамилелеринин абалы жана келечегин талкуулашты.

Өз кезегинде Түркиянын элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, боордош кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.