Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. 2027-жылга Майлуу-Суу шаарын өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууну караган жол картасы даярдалган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Майлуу-Суу шаарынын өнүгүү көрсөткүчтөрү менен таанышуусу учурунда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, 2027-жылы Майлуу-Суу шаарындагы жолдорду оңдоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө 585 млн сом, туризм тармагын, анын ичинде экотуризмди өнүктүрүүгө 215 млн сом, жашыл жана коопсуз шаарды калыптандырууга 125 млн сом, ошондой эле шаардын тарыхый-архитектуралык көрүнүшүн сактоого жана сырткы келбетин жакшыртууга 75 млн сом бөлүү пландалууда.