Майлуу-Сууда 1953-жылы курулган стадион реконструкцияланат

Аймак
1_1 - Photo.jpg.jpeg
1_2 - Photo.jpg.jpeg
1_3 - Photo.jpg.jpeg
1_4 - Photo.jpg.jpeg
1_5 - Photo.jpg.jpeg
1_6 - Photo.jpg.jpeg
1_7 - Photo.jpg.jpeg
1_8 - Photo.jpg.jpeg
1_9 - Photo.jpg.jpeg
1_10 - Photo.jpg.jpeg
Алдыга
Артка
1_1 - Photo.jpg.jpeg
1_2 - Photo.jpg.jpeg
1_3 - Photo.jpg.jpeg
1_4 - Photo.jpg.jpeg
1_5 - Photo.jpg.jpeg
1_6 - Photo.jpg.jpeg
1_7 - Photo.jpg.jpeg
1_8 - Photo.jpg.jpeg
1_9 - Photo.jpg.jpeg
1_10 - Photo.jpg.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарында 1953-жылы курулган шаардык стадионду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана реконструкциялоо боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, стадиондун аймагында төмөнкү иштерди жүргүзүү каралган:

  • Футбол талаасынын жабуусун жаңылоо жана дренаждык системаны орнотуу;
  • Чуркоо жолун жаңылоо;
  • Баскетбол жана волейбол аянтчаларын куруу;
  • Батыш жана чыгыш трибуналарын оңдоп-түзөө;
  • Спорттук жана машыгуу залдарын, кийим алмаштыруучу жана жуунуучу бөлмөлөрдү жаңылоо;
  • Футбол талаасына жарыктандыруу системасын орнотуу;
  • Унаа токтотуучу жай куруу.

Долбоор ишке ашырылгандан кийин стадион шаар тургундары үчүн спорт менен машыгууга, футбол, волейбол жана баскетбол боюнча мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган заманбап спорттук жайга айланат.