Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы "№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттарын каттоо жөнүндө" токтомун кабыл алды.
Ошентип, БШК тиешелүү мыйзамдарды жетекчиликке алып, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин төмөнкү шайланган депутаттарын каттады:
- Алтынбеков Айбек;
- Мамытов Талант Турдумаматович;
- Карабекова Айгүл Асановна.
"Эми Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын катталган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү ырастамалар жана төш белгилер берилет", - деп айтылат маалыматта.