Бишкек, 06.09.26. /Кабар/. ”Рух Ордо” маданий борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ”Манас” эпосунун негизинде тартылып жаткан AI жана анимациялык тасманын 7 мүнөттүк үзүндүсү көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор Кыргыз улуттук ”Манас“ театры жана ”Каганфильм“ студиясы менен биргелешкен демилгенин аркасында ишке ашырылууда.
“Тасманын негизги максаты — кыргыз элинин улуу руханий мурасын заманбап технологиялар аркылуу жаш муунга жаңыча жана кызыктуу форматта жеткирүү”, - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, AI технологиялары менен айкалышкан анимациялык ”Манас” тасмасынын толук версиясы 4-декабрда — ”Манас“ эпосунун күнүнө карата көрүүчүлөргө сунушталат.