Бишкек 22.04.25 /Кабар/. Жыл башында Бишкек мэриясы “Ала-Тоо” аянтындагы Манастын айкелинин алды оңдоп-түзөөгө муктаж экендигин билдирген. Мындан улам 16-январда реконструкция иштери башталып, айкел убактылуу муниципалдык базага көчүрүлгөн.

Мэрия бул долбоордун негизги максаты – айкелди жаңыртуу, модернизациялоо жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу экендигин билдирген. Бул иштин негизинде айкелдин постаменти жаңыланып, жер төлөсүнүн конструкциясы бекемделери айтылган.

Ошондой эле жыл башында президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов дагы айкелди оңдоп-түзөө муктаждык бар экендигин, буга 2018-жылы Тарых музейин реконструкциялоо учурунда эстеликтин алдын гидроизоляциялоо иштери талаптагыдай аткарылбай калгандыктан, жер төлөсүндөгү конструкциянын бузулушу себеп болгонун айткан.

Оңдоп-түзөө иштеринин башында Бишкек мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалагы турат. Аталган мекеменин билдирүүсү боюнча азыркы мезгилде эстеликтин постаментинин курулушу уланууда. Ошол эле учурда постаментти гидроизоляциялоо маселеси каралып жатат. Мындан сырткары, “Ала-Тоо” аянтындагы жер төлөлүү жайларды гидроизоляциялоо иштери боюнча өзүнчө долбоор даярдалууда.

Эстеликтин постаменти менен жер төлөсүн калыбына келтирүү иштери май айында аяктайт. Мекемеден билдиришкендей, курулуш иштеринин соңунда дагы кошумча маалыматтар берилет.
Манастын айкели 2011-жылы мурдагы “Эркиндик” статуясынын ордуна тургузулган. Бийиктиги 17 жарым метрди түзөт.