"Манас" эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесинде оңдоо иштери башталды

Коом 7 апрель 2025 11:28
"Манас" эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесинде оңдоо иштери башталды

Бишкек, 07.04.25./Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоп-түзөө иштери башталды.

"Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришкендей, ушуга байланыштуу ар бир дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн таңкы саат 03:00гө чейин каттамдар токтотулат.

"Бардык авиакомпанияларга пландалып жаткан оңдоо иштери тууралуу маалымат берилди. Жүргүнчүлөрдөн учуу графигиндеги өзгөрүүлөрдү эске алуусун суранабыз", - деп айтылат маалыматта.