Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. "Манас" бажысынын кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарды мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныктады.
Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, Түркиядан аба каттамы аркылуу келген жүктү текшерүү учурунда керектөө товарларынын арасынан жалпы салмагы 88,97 граммды түзгөн 42 даана алтын буюм табылган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында буюмдардын алуучусу Кыргызстандын жараны экени аныкталып, ал алтындарды Түркиядан жеке колдонуу үчүн сатып алып, карго кызматы аркылуу жеткиргени белгилүү болгон.
Бул факты боюнча мыйзам чегинде текшерүү жүргүзүлүп, жаран мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 408 миң 276 сомду эки эселенген өлчөмдө ыктыярдуу төлөгөн. Мыйзам талаптарына ылайык, бажы төлөмдөрү жана туумдар толук төлөнгөндүктөн, кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиздер аныкталган эмес.