"Манас" аэропортунда зер буюмдарын мыйзамсыз ташып чыгуу аракети токтотулду

Коом 11 август 2025 15:50
529967251_1204048485100982_9096547282242187855_n.jpg
530234133_1204048368434327_6365301519991456289_n.jpg
530361338_1204048358434328_3051315778433444036_n.jpg
530442839_1204048428434321_4078746807590299428_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунда зер буюмдарды мыйзамсыз ташып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Манас-2" эл аралык аэропортунун аэропорт комплексинде бажы көзөмөлүн ишке ашыруунун алкагында "Манас" бажысынын кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт койду.

Кетип жаткан аймакта бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда Кыргызстандын жараны С.К.Ж. декларацияланбаган товарлар - сары металлдан жасалган салмагы 4,4 кг түзгөн 46 кол саат табылган.

Товарлар бардык жагдайлар такталганга чейин далил катары бажы көзөмөлүнүн кампасында убактылуу сактоочу жайга коюлган.