"Манас" эл аралык аэропортунун аэровокзалы реконструкцияланууда. Мында терминалдын аянты, күтүү залдары, каттоо зонасы кеңейтилип, жаңы комплекс эң акыркы техникалар менен жабдылууда.
"Кыргызстан аэропорттору" ААКтын инфраструктура жана аймактарды өнүктүрүү директору Алтынбек Мамбетовдун айтымында, аэровокзал таанылгыс болуп өзгөрөт.
"Мында жүргүнчүлөр үчүн зоналар 20 миң чарчы метрге чейин кеңейүүдө. Ошондой эле 600 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулууда. Долбоорлоо иштери Курулуш министрлиги менен биргеликте жүргүзүлдү. Учурда жалпысынан аэропорттун 70 миң чарчы метр аймагында жаңы курулуштар жүрүп жатат. Ал эми эски жагы дагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө", - деди ал.