Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Кененбаев Замирбек Алымбекович Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Замирбек Кененбаев 1981-жылы туулган. Ал Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык, экономикалык жана бажы иши факультеттерин бүтүргөн.
Иш тажрыйбасы:
- 2005-2021-жылдары — өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы;
- 2022-жылы — Мамлекеттик салык кызматы, башкы инспектор;
- 2022-2023-жылдары — министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиги, башкы инспектор;
- 2023-жылы — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги, директордун жардамчысы;
- 2023-2026-жылдары — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Объекттерди башкаруу боюнча дирекциясы" мамлекеттик ишканасы, директордун орун басары.