Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри бекитилди

Коом
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри бекитилди
copyright icon ЖИ

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри бекитилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, реестр мамлекеттик, муниципалдык жана жарандык-укуктук мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт. Анда ар бир кызматтын аталышы, аны көрсөтүүгө жооптуу орган, алуу шарттары, акы төлөө тартиби жана күтүлүүчү натыйжасы көрсөтүлөт.

Буйрук күчүнө киргенден кийин кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору жана аткаруучулары 10 жумушчу күндүн ичинде расмий сайттардагы жана башка маалымат каналдарындагы маалыматтарды жаңы реестрге ылайык келтирүүгө тийиш.

Реестр жарандарга жана ишкерлерге керектүү кызматтар тууралуу маалыматты бир жерден алууга, аларды алуу тартибин жана шарттарын так билүүгө мүмкүндүк берет.

Реестр менен министрликтин расмий сайтынан таанышууга болот.