Мамлекеттик салык кызматы салык көзөмөлүн жөнөкөйлөштүрүүдө

Экономика Загрузка... 11 Март 2025 13:19
IMG_0417.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык көзөмөлүндө олуттуу өзгөрүүлөрдү жана бизнес үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүдө. Бул тууралуу салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков ишкерлерди колдоо жана бизнес шарттарын жакшыртууга багытталган жакынкы келечектеги пландар тууралуу айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин күчүндө болгон текшерүүгө мораторий салык органдарына тиешеси жок болгон. Бирок, учурда текшерүүлөр тобокелдикке негизделген мамиленин негизинде жүргүзүлүп, пландалган салыктык иш-чаралардын алкагында салык төлөөчүлөрдүн 3% гана текшерүүгө алынат.

Ысабеков мыйзамдагы өзгөртүүлөр бизнести колдоого жана салыктык көзөмөлдү жөнөкөйлөтүүгө багытталганын баса белгиледи.

Тактап айтканда, текшерүүлөрдүн эскирүү мөөнөтүнө тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, эми 2022-жылга чейинки салык мезгили текшерүүгө алынбайт. Бул чечим бизнести колдоого жана эски мезгилдердеги ашыкча текшерүүлөрдүн алдын алууга багытталган.

Ошондой эле ишкерлерге баштапкы эсепке алуу документтери жок товарларды мыйзамдаштыруу нормасы киргизилди. 2025-жылдын 1-январына чейин сатылып алынган товарлар 2025-жылдын 1-апрелине чейин легалдаштырылышы мүмкүн. Документи жок товарлар табылган учурда салык кызматы рыноктук нарктын 10%дан 5%га чейин төмөндөтүлгөн азыраак айыптарды колдонот.

Мындан тышкары, документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүү максатында 2025-жылдын 1-апрелине чейин баштапкы эсепке алуу документтери жок товарларды легалдаштырууга болот жана бул күндөн кийин салык кызматы товардык-транспорттук коштомо кагаз жана электрондук эсеп-фактураларга карата жеңилдиктерди киргизет.

"Алкоголдук жана тамеки буюмдарын, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды кошпогондо, көпчүлүк товарлар үчүн товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү түрдө каттоону жокко чыгаруу пландаштырылууда. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонуу жалпы салык режимин же накталай акча үчүн 4% жана накталай эмес төлөмдөр үчүн 2% ставкалары менен бирдиктүү салыкты колдонгон ири ишканаларга гана жайылтылат",-деп кошумчалады Кубанычбек Ысабеков.