Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору алмашты

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 28 Март 2025 13:11
dajyndoo.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору алмашты.

Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Примов Алмазбек Абдыакимович берген арызынын негизинде министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорлугунан бошотулду.

Ал эми президенттин башка тескемесине ылайык, Малбашев Тимур Жарышбекович Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директор болуп дайындалды.