Отун-энергетика тармагына жаңы жетекчилер дайындалды – Бишкек мэриясы

Кадрлар жана дайындоолор 21 Август 2026 09:20
WhatsApp Image 2026-08-20 at 16.20.12.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында жаңы дайындоолор орун алды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрдин отун-энергетика комплекси боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу кызмат ордуна буга чейин энергетика министринин орун басары кызматын аркалаган Насипбек Керимов дайындалды.

Ал эми “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасынын директору болуп Нургазы Курманбеков дайындалды.

Мэрия бул кадрдык чечимдер отун-энергетика комплексиндеги иштин натыйжалуулугун жогорулатууга байланыштуу кабыл алынганын белгилейт.