Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды санариптештирүү тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Ага ылайык, учурда агенттик коюлган максаттарга жетүү жана санариптик трансформацияны ишке ашыруу максатында эки негизги багыт боюнча иш жүргүзүүдө:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат өтөө процесстерин санариптештирүү ("е-Kyzmat");
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү ("Санарип аймак").
"е-Kyzmat" системасы кызмат өтөө процесстеринин бардык этаптары тууралуу маалымат булагы болуп саналат жана маалыматтарга негизделген чечимдерди кабыл алууга негиз түзөт.
Бүгүнкү күндө "e-Kyzmat" системасында 222 289 кызматкер тууралуу маалымат санариптештирилген, алардын ичинен 174 160 - учурда иштеп жаткандар, ал эми 48 129 - резюме банкындагы резюмелери барлар.
2024-жылы жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча көрсөткүчтөрдүн өсүшү 10,1 % түздү.

Белгилегендей, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын аппарат жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоо үчүн "Ишин баалоо" аттуу функционалдык модуль иштелип чыккан. 2025-жылдын январь айынан баштап бул система өндүрүшкө киргизилип, 70 аппарат жетекчиси бааланды. Система баалоо упайларынын жыйынтыгына жараша автоматтык түрдө рейтинг түзөт. Ар бир кызматкер өзүнүн жетекчисин анонимдүү жана ачык-айкын түрдө баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
5-июндан тартып "e-Kyzmat" автоматташтырылган маалыматтык тутумундагы "Электрондук эмгек китепчеси" пайдаланууга киргизилди.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кагаз жүзүндөгү отчеттуулукту жоюуга багытталган 12 автоматташтырылган отчет иштелип чыкты. Анын ичинде "e-Kyzmat" маалыматтык тутумунун "ММБ үчүн" бөлүмүндө төмөнкү отчеттор жеткиликтүү болду:
- уюмдардын уюштуруу түзүмү боюнча отчет;
- № Г1 кварталдык формасы - "Мамлекеттик жарандык кызматчылардын дайындалышы жана бошотулушу жөнүндө";
- № Г2 жылдык формасы - "Мамлекеттик кызматтарды ээлеген кызматчылардын сапаттык курамы жөнүндө";
- № М2 жылдык формасы - "Муниципалдык кызматтарды ээлеген кызматчылардын сапаттык курамы жөнүндө".
Ал эми "Резерв кадров" тутумунда 9 түрдөгү отчет жеткиликтүү:
- "МКР жана РКРнын сапаттык курамы";
- МКРга арыз тапшыргандардын сапаттык курамы;
- РКРга арыз тапшыргандардын сапаттык курамы;
- МКР боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктары менен сапаттык курамы;
- РКР боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктары менен сапаттык курамы;
- жалпы отчет;
- мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы бош кызматтар боюнча отчет;
- жыйнак отчет;
- күнүмдүк отчет.
Учурда "e-Kyzmat" автоматташтырылган маалымат системасы мамлекеттик бош орундар порталында тестирлөөнүн графиктери жана жыйынтыктары, МКР, РКР боюнча резервисттердин тизмеси жана резюмелер жайгаштырылган. Ошондой эле онлайн сыноо тестинен өтүүгө мүмкүнчүлүк бар.