Мамлекеттик карыздын деңгээли коопсуз чекте. Экономика өсүп, карыз жүгү жеңилдеди

Экономика Загрузка... 03 Июнь 2026 17:40
1629868282_pervoru-3821.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстандын мамлекеттик карыздарынын негизги бөлүгү энергетика, транспорт жана инфраструктура тармактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого жумшалууда. Экономисттер өлкөнүн мамлекеттик карыздарды жабууга дарамети жетиштүү экенин, бирок алынган насыялар узак мөөнөттүү болгондуктан, белгиленген убагында гана төлөнөрүн айтышат. Ошондой эле алар Кыргызстандын тышкы карызы 2035-жылдары толугу менен төлөнүп бүтөрүн болжолдошууда. “Кабар” агенттиги мамлекеттик карыздын учурдагы абалы жана көрсөткүчтөрүнүн айланасында сөз кылат.

images (8)

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызынын ИДПга (ички дүң продукцияга) болгон катышы 41%ды түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыз жана активдер башкармалыгынын башчысы Абданбек Абдыбапов билдирди.

WhatsApp Image 2026-06-03 at 09.57.10

Анын айтымында, мамлекеттик карыздын абалын туруктуу деп ишенимдүү айтууга болот. Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына ылайык, ИДПга болгон белгиленген көрсөткүч 70 пайызды түзөт. Эгерде 70%га жакындаса, демек мамлекет өз карызын төлөөдө кандайдыр бир маселе бар экенин билдирет. Кыргызстанда бул көрсөткүч 41%дык деңгээлде турат.

Ошондой эле Абданбек Абдыбапов белгилегендей, мамлекеттик карызды төлөөгө кеткен чыгымдар жалпы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 30 пайызынан ашпашы керек деген индикатор бар. 2025-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч Кыргызстанда 12,6 пайызды түздү. Бул өтө төмөн көрсөткүч болуп саналат.

“Бүгүнкү күндө мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы 41%дык деңгээлде болушу, бул мамлекеттик карызды тейлөөдө жана анын туруктуулугунда эч кандай маселе жок дегенди түшүндүрөт. Мамлекеттик карызды тейлөөдө негизги көрсөткүчтөрдүн бири катары мамлекеттик карызды төлөөгө кеткен чыгымдардын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө болгон катышын кароого болот. Учурда мамлекеттик карызды төлөөгө кеткен чыгымдар жалпы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 30%ынан ашпашы керек деген индикатор белгиленген. 2025-жылдын жыйынтыгы менен айта турган болсок, бул көрсөткүч 12,6%ды түздү. Бул өтө төмөн көрсөткүч. Мында мамлекеттик карызды тейлөөдө өлкөдө эч кандай кыйынчылыктар болбойт. Ал эми мамлекеттик башкаруу стратегиясы боюнча, төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карыздар жок. Мамлекет өз карыздарын тейлөөдө атайын берене каралган. Ал милдеттүү төлөмдөр деп аталат. Бул мамлекет өз карыздарын төлөөдө эч качан мөөнөтүн өткөрүп жибергенге жол бербейт”, - деп белгиледи ал.
3kq7uy1gbt_big.jpg.e41872960ade1618541aa91cfb3fe497-850x560

Мамлекеттик карыз ички жана тышкы карыздардан турат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекеттик ички карыздар көбөйтүлүүдө. Анткени мамлекеттик ички карыздарды тартууда валюталык тобокелдиктер алдын алынат, тышкы кредиторлорго болгон көз карандылык азайтылат. 2017-жылы жалпы мамлекеттик карыздагы ички карыз болгону 10%ды түзгөн. Бүгүнкү күндө ички карыздын көлөмү 46,5%га жетти.

Ички карыздар мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу менен тартылып келген каражаттардан турат. Баалуу кагаздарды инвесторлор жана жарандар сатып алат. Алар кошумча киреше табуу менен өлкө экономикасы өсөт, республикалынын киреше бөлүгү көбөйөт.

“2025-жылы 28-майда Кыргызстан биринчилерден болуп облигацияларды Лондон биржасына чыгарган. Бул биржага чыгуу менен ата мекендик компанияларга жол ачып бердик. Мына ошондуктан, “Элдик Банк” ААКсы өзүнүн 500 млн долларын эл аралык капитал рыногуна чыгарды. Бул Кыргызстанды эл аралык инвесторлор таанып баштады дегенди билдирет”, - деп кошумчалады Абдыбапов.

Ал эми тышкы карыздардын негизги бөлүгү узак мөөнөттүү, жеңилдетилген насыялар катары тартылып келет. Алар өлкө эгемендүүлүк алгандан бери келген каражаттар. Мамлекеттик тышкы карыздын көбөйүшүнүн негизги себеби катары чет өлкөлүк валюталардын курсунун өсүшүн айтууга болот, анткени мамлекеттик карыздарды тартып келип жатканда 1 АКШ доллары улуттук валюта сомдун курсу менен 4 сомго барабар болгон. Бүгүнкү күндө 1 АКШ доллары 87,5 сомду түзүүдө. Мамлекет өз карыздарын мөөнөтүндө төлөгөнүнө карабастан, баары бир тышкы карыз курска байланыштуу болот. Мына ошондуктан валюталык тобокелдиктерди алдын алуу максатында Кыргызстан ички карыздарды көбөйтүп жатканы белгиленүүдө.

1629868282_pervoru-3821

Экономисттердин баамында, эгемендүүлүк алган жылдары Кыргызстанда мамлекеттик карыздарды эл аралык финансы институттарынан алып, бюджеттин күнүмдүк чыгымдарына айлык акы, пенсия жана жөлөк пулдарга жумшалган же мурдагы карыздарды жабууга каражаттарды табууга өлкө мажбур болгон. Жыйынтыгында киреше булагы аз, чыгашалар көп болуп бюджеттин тартыштыгына алып келген.

Экономист Кубан Чороев “Кабар” агенттигине билдиргендей, 2020-жылы мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы 68%га жеткен. Муну мындан ары карыз алууга болбой турган белги катары түшүнсө болот. 2025-жылдын жыйынтыгында карыз 8,92 млрд долларга жеткени менен, ИДПга карата катышы 41%га чейин төмөндөгөн. 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе азайган. Экономика тез өсүш менен дээрлик үч эсе жогорулагандыктан карыз жүгү реалдуу маанисинде жеңилдеген.

choroev
“Бул эки эселик өсүш негизинен ички карыздын эсебинен болду. 2020-жылы тышкы карыз 4,22 млрд, 2025-жылы 5 млрд долларга жеткен, тышкы карыз болгону 27%га өскөн. Демек тышкы карыз эки эсе өстү деп айтууга болбойт”, - деди экономист.

Ошондой эле экономисттин айтымында, Кыргызстандын мамлекетти карызды төлөө дарамети жогорулады. 2025-жылы алтын-валюта резерви 69,1%га өсүп, 9 млрд долларга жеткен. Бул тышкы карыздын деңгээлине жакын, башкача айтканда резерв тышкы милдеттенмелерди дээрлик толук камсыздай алат дегенди билдирет.

“Тышкы карыз 2030-жылдан тарта азайып, 2035-жылы толук жабылышы күтүлүүдө. Ошол эле учурда белгилей кетсем, алдыдагы жылдар тышкы карызды төлөө мезгилине туура келет”, - деп айтты ал.

News_245591110024623363403015844706177705019

Кыргызстанда 2023-жылдан баштап республикалык бюджет өсүп, мамлекет өзүнүн ички керектөөлөрүн жабууга каражатка муктаж эмес. Бүгүнкү күндө өлкө карыздарды жалаң гана экономиканы өнүктүрүүгө багыттап жатат. Экономиканы өнүктүрүүгө салым кошуучу долбоорлорду ишке ашырууга басым жасалууда. Келечекте ошол ири долбоорлор пайда алып келет деп белгиленүүдө.

“Тышкы карыз энергетика тармагына, жол куруу жана инфраструктурага багытталууда. Алар ишке ашканда өзүн актай турган деңгээлге жетет. Ички карыз болсо инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорго, бюджеттик милдеттенмелерди жабууга жана карызды кайра каржылоого жумшалат”, - деп кошумчалады Кубан Чороев.

Кыргызстандын тышкы карыздарды төлөөгө учурда резервдери жетиштүү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине экономист Искендер Шаршеев билдирди.

Анын пикиринде, тышкы карыздардагы алынган каражаттар узак мөөнөтүү жеңилдетилген шартта берилгендиктен, аны мөөнөтүнөн мурда эрте кайтарууга болбойт. Бул үчүн келишимдерге ылайык, айып пулдар да каралган.

1615474712_iskender-sharsheev576767prorporol
“Ошондуктан каражаттарды эрте төлөп салуу да маселе жаратат жана кошумча каражатты талап кылып калат. Бизде 9 млрд долларга жакын ички резердер топтолгон. Ушул резервдер сырткы карызды тейлегенге жумшалат. Мөөнөтүнөн мурда карыздарды төлөөдө айып пулдар да төлөнөт. Мисалы, карыз 9 млрд доллар болсо, аны эки эсе кылып, 18 млрд доллар төлөөгө туура келет. Азыр мурдагы карыздарды төлөө учуру келип калгандыгына байланыштуу биздин мамлекет жыл сайын 400-500 млн доллардан төлөп баштады”, - деп белгиледи экономист.
800x452

Искендер Шаршеев Кыргызстандын тышкы карызына улай эле ЕАЭБ, КМШ өлкөлөрүнүн тышкы карыздарына да токтоло кетти.

“Маселен, Казакстандын карызы 182 млрд АКШ долларынан ашты. Өзбекстандыкы 46 млрд долларга жакындап калды. Армениянын тышкы карызы 13 млрд долларга, ал эми Беларустуку 37 млрд долларга жеткен”, - деди ал.