Минкаб төрагасы: 8 айда экономикалык өсүш 11 пайызды түздү

Министрлер кабинети 14 сентябрь 2026 21:35
Минкаб төрагасы: 8 айда экономикалык өсүш 11 пайызды түздү
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Сегиз айда ички дүң продукт 1 триллион 397 миллиард сомго жетип, экономикалык өсүш 11 пайызды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, негизги капиталга инвестициялар 61,2%га, курулуш 61%га, өнөр жай 8,8%га, айыл чарбасы 6,4%га өстү.

"Бул – жакшы көрсөткүчтөр. Акыркы күндөрү өлкөбүздө жакшы иштер көп болду. Эгемендүүлүк майрамына карата республика боюнча 105 социалдык объект пайдаланууга берилди, 60 жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирди. Бирок жетишкендиктерге токтолуп калбашыбыз керек. Биз үчүн өсүштүн саны гана эмес, анын сапаты, жаңы жумуш орундарын түзүшү жана элдин жашоосуна тийгизген таасири маанилүү. Ар бир министрлик, ар бир мамлекеттик орган өз тармагындагы көрсөткүчтөрдү талдап, артта калган багыттар боюнча ишти күчөтүшү керек”, – Адылбек Касымалиев.