Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин жана ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүү темпи байкалып, мында курулуш, өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактары маанилүү орунду ээледи. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Бейшенбек Ишенов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ИДПнын түзүмүн талдоодо алгач курулуш тармагындагы өсүш байкалат. Андан кийин өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактары турат.
"Акыркы жылдардагы бюджеттин жана ички дүң продукциянын өсүү темпи баарыбызды кубандырат. Бул азыркы мамлекет башчысынын жүргүзүп жаткан саясатынын жыйынтыгы деп айтсак болот.
Ички дүң продукциянын түзүмүн карап көрсөк, анын ичинде эң чоң өсүш курулуш тармагында болду. Андан кийин өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактары турат. Бул жакшы көрүнүш", — деди ал.
Профессор ошондой эле өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн өсүшүн мамлекеттик башкаруу системасындагы жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштер менен байланыштырды.