Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик финансылык көзөмөл системасын комплекстүү реформалоону ишке ашырууга багытталган "Мамлекеттик финансылык аудитти өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Жарлык менен бир катар системалык көйгөйлүү тенденцияларды жоюу максатында 2026-жылдын 1-июнуна чейин убактылуу укуктук жөнгө салуунун апробациялык режими белгиленди.
Чечүүнү талап кылган негизги көйгөйлүү тенденциялардын арасында:
- ар кандай текшерүүчү жана көзөмөлдөөчү органдардын ортосундагы функциялардын жана мамилелердин кайталанышы;
- административдик басым менен коштолуучу узакка созулган көчмө текшерүүлөрдүн, анын ичинде чет өлкөлүк иш сапарлардын ашыкча практикасы;
- тобокелдикке багытталган мамилелерди кеңири колдонууга мүмкүндүк берүүчү санариптик инструменттерди жетишсиз колдонуу;
- аудиттин бирдиктүү методологиялык стандарттарынын жана жол-жоболорунун жоктугу;
- текшерүүчү жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан профилактикалык жана окутуу ишинин жетишсиздиги.
Реформанын негизги максаттары жана багыттары:
- КР Эсептөө палатасынын, КР Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын жана башка текшерүүчү жана көзөмөлдөөчү органдардын ортосундагы кайталануучу ыйгарым укуктарды жоюу жана координацияны жогорулатуу;
- "Электрондук аудит" маалыматтык системасын кошуу менен санариптик чечимдерди активдүү киргизүү;
- бузууларды алдын алууга басым жасоо менен тобокелдикке багытталган аудит форматына өтүү;
- текшерилүүчү субъекттерге болгон административдик жүктү азайтуу;
- объективдүү критерийлерге жана санариптик инструменттерге негизделген финансылык аудиттин бирдиктүү жана ачык-айкын системасын түзүү.
Ошондой эле аудиттин аутсорсинг механизмин өнүктүрүү, операцияларды автоматтык түрдө чектөө мүмкүнчүлүгү бар финансылык бузуулардын классификаторун киргизүү, ошондой эле ашыкча дискрецияны жана укуктук белгисиздикти жоюу максатында ведомстволук ченемдерди жана жол-жоболорду координациялоо каралган.
Көрүлгөн чаралар бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну жана бюджеттик процесстин бардык катышуучуларынын укуктарын коргоону камсыз кылган туруктуу, отчеттуу жана технологиялык жактан жабдылган финансылык аудит системасын түзүүгө багытталган.