Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы алмашты

Кадрлар жана дайындоолор 2237 19 Февраль 2025 20:42
fb_img_1701259271522-850x560.jpg
kyzmatker-2-1-1200x630.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
Алдыга
Артка
fb_img_1701259271522-850x560.jpg
kyzmatker-2-1-1200x630.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Исабеков Самат Сатарович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. 

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон тескемеге ылайык, Салиев Алмаз Абдылдаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды.