“Достук” өткөрмө пунктунда “Интеллектуалдык өткөрмө пункту” пилоттук долбоору ишке берилди

Коом 20 Март 2025 14:43
481705283_1085144593658039_4745752249907902942_n.jpg
480941995_1085144783658020_7322168269880989361_n.jpg
480972488_1085144533658045_230913275192981054_n.jpg
480959514_1085144460324719_9155012433517263075_n.jpg
480884355_1085148023657696_7638457031413836913_n.jpg
Алдыга
Артка
481705283_1085144593658039_4745752249907902942_n.jpg
480941995_1085144783658020_7322168269880989361_n.jpg
480972488_1085144533658045_230913275192981054_n.jpg
480959514_1085144460324719_9155012433517263075_n.jpg
480884355_1085148023657696_7638457031413836913_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бажы кызматы

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Бүгүн “Достук” өткөрмө пунктунда “Интеллектуалдык өткөрмө пункту” автоматташтырылган системасынын пилоттук долбоору ишке берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор министрлер кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2022-2025-жылдарга өнүктүрүү Концепциясынын алкагында ишке ашырылууда.

“Система реалдуу убакыт режиминде маалымат алмашууну камсыз кылуу жана бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу менен мамлекеттик маалымат ресурстары менен интеграцияланат. Пилоттук долбоорду ишке киргизүү бажы кызматын санариптештирүү процессинин бир бөлүгү болуп саналат жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт”,-деп айтылат маалыматта.

Долбоордун максаттары:

Бажы жол-жоболорун тездетүү жана жөнөкөйлөтүү;

Чек арадан өтүү убактысын кыскартуу;

Адам факторунун таасирин минималдаштыруу;

Ачыктыкты жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.

Системанын функциялары төмөнкүлөрдү камтыйт:

Ылдамдатылган текшерүү үчүн унаанын номерин таануу;

Шлагбаумдарды жана жол чырактарды автоматтык башкаруу;

Айдоочулардын чек арадан өтүү тартиби тууралуу визуалдык жана үн менен кабарлоо;

Салмакты жана радиацияны көзөмөлдөө үчүн жабдуулар.