Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Мамлекетке өткөн мүлктөрдү тактоо иштери жыл аягында бүтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда ревизия иштери жүрүп жатат.
“Мамлекетке өткөн мүлктөр боюнча ревизия бүткөндөн кийин жыйынтыгын чыгарабыз. Иштер жыл аягына барып бүтөт. Мамлекетке кайра кайтарылган жерлер, бала бакча, мекеме, заводдор бар. Мүлктөр акчалай түрдө эле өткөн эмес. Ошол үчүн бардыгын ревизия кылган соң, так суммасын айтабыз”, - деп айтты өлкө башчысы.