Мамлекет жаш ишкерлерге колдоо көрсөтөт - министрлик

Коом 30 Январь 2025 14:44
b74fcb84ec9191348bc535cac00cbdf3_original.29050.jpg
475782956_921227380169019_7782391637693019947_n.jpg
475308776_921227470169010_5991858174957415725_n.jpg
475654586_921227426835681_7436393369228535767_n.jpg
Алдыга
Артка
b74fcb84ec9191348bc535cac00cbdf3_original.29050.jpg
475782956_921227380169019_7782391637693019947_n.jpg
475308776_921227470169010_5991858174957415725_n.jpg
475654586_921227426835681_7436393369228535767_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. Бишкекте 2025–2028-жылдарга Жаштар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программанын бет ачары өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигининен билдиришкендей, программанын негизги максаты Кыргызстанда жаштардын стартаптарын жана чакан бизнести колдоо үчүн натыйжалуу жана туруктуу экосистеманы түзүү, ошондой эле жаштардын ишкердик көндүмдөрүн жана потенциалын өнүктүрүү болуп саналат.

Белгиленгендей, программа КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан «Энактас Кыргызстан» коомдук бирикмеси менен Европа Биримдигинин колдоосунда ишке ашырылууда.

Иш-чаранын алкагында панелдик талкуулар өткөрүлдү:

  • Жаштар ишкердигине мамлекеттик колдоо;
  • Жаштар ишкердигин өнүктүрүүдө жеке сектор жана Бейөкмөт уюмдардын ролу (өнөктөштүк, инвестициялар, акселераторлор, менторлор).

"Катышуучулар жаш ишкерлер үчүн билим берүү программаларына, каржылоону жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жеткиликтүү камсыз кылуу сыяктуу ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Кабыл алынган программа өлкөнүн экономикалык потенциалын бекемдөөгө жана жаштар арасында инновацияларды жандандырууга багытталган",-деп айтылат маалыматта.