Мамлекет мекен коргоочуларын татыктуу колдоого милдеттүү – өлкө башчысы

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 13:00
WhatsApp_Image_QSjO0M9.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Мамлекет мекен коргоочуларын татыктуу колдоого милдеттүү. Биз муну иш жүзүнө ашыра алдык. Бул тууралуу республикалык кеңешмеде өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.

Президенттин айтымында, өлкөнүн күч түзүмдөрүндө олуттуу реформалоо иштери жүргүзүлдү.

“Мамлекет экономикалык жактан ийгиликтүү болушу мүмкүн. Бирок, өлкө ичинде туруктуулук болбосо ал ийгиликтердин келечеги болбойт. Акыркы беш жылдын ичинде күч түзүмдөрүн реформалоо, улуттук коопсуздукту, укук тартибин бекемдөө, куралдуу күчтөрдү модернизациялоо боюнча болуп көрбөгөндөй чаралар иш жүзүнө ашырылды.
Материалдык-техникалык база кеңири жаңыланып, заманбап курал-жарак, атайын техникалар, учкучсуз учуучу аппараттар, чалгындоо, байкоо каражаттары, жогорку тактыктагы коргонуу системалары, заманбап транспорттук жана байланыш каражаттары жүздөгөн милларддаган сомдорго сатылып алынды.
Мамлекеттин коопсуздугун коргогон кызматкерлерди социалдык коргоо дагы түп-тамырынан бери өзгөрдү. Аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын айлык акылары үч эсеге көбөйдү. Баткен облусундагы аскердик жүктөм жана тобокелдик жогору болгондуктан айлык акы 4,5 эсеге жогорулатылды”,-деди президент.