Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. "Ишкердикти өнүктүрүү микрокредиттик компаниясы" ААК уставдык капиталын толуктоо үчүн 500 млн сом алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, каражат президент Садыр Жапаровдун III Элдик курултайда жылдык 8% менен ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында Финансы министрлиги тарабынан бөлүндү.
Каржылоо чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында жүргүзүлүүдө. Программанын максаты – ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өлкө экономикасын чыңдоо.
Жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн 2025-жылдын 25-июнунан тарта Ишкердикти өнүктүрүү фондунун борбордук кеңсесине жана аймактык филиалдарына кайрылууга болот.
Азыркы учурда фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык насыя берүү процессин баштоо үчүн зарыл болгон бардык процедураларды жүргүзүүдө.