Баткен облусун өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен бир катар иштер аткарылууда

Аймак 17 Апрель 2025 18:05
491952412_1212412950252158_8996899582455944638_n.jpg
491494540_1212449810248472_7707681084190111426_n.jpg
491726052_1212413436918776_3178130975008306001_n.jpg
491598514_1212411633585623_4994991466369632452_n.jpg
491813697_1212413090252144_8719993399235161025_n.jpg
491830933_1212413106918809_1461837804331221808_n.jpg
491831919_1212449860248467_4088558573183293856_n.jpg
491832509_1212434203583366_7503711723166049189_n.jpg
491833515_1212413180252135_9094959653257598206_n.jpg
491835033_1212413680252085_2837000192408081308_n.jpg
491837459_1212412886918831_2901328960467646799_n.jpg
491935555_1212449766915143_3809713076612695583_n.jpg
491946813_1212413513585435_7706354486699742863_n.jpg
491963036_1212413490252104_7012806214236577725_n.jpg
491997143_1212413543585432_5063332635346081416_n.jpg
492025275_1212413073585479_7972778218084754802_n.jpg
492040428_1212413016918818_7265726197376232952_n.jpg
492102866_1212413746918745_162550233018024137_n.jpg
492160449_1212413026918817_6045365387888304708_n.jpg
492194871_1212412860252167_1493137747659270176_n.jpg
492327982_1212412046918915_2085216056220637076_n.jpg
492374141_1212413223585464_9103251491273642877_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Баткен облусунда бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев облус башчысы Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, Лейлекте курулган обьекттерден кабар алды. Жогору айтылган каражаттын эсебинен төмөндөгүдөй долбоорлор ишке ашырылууда:

Соода комплекси

Катраң айылындагы соода борборунун курулушу аяктоо алдында турат. Курулушка 7 млн сом бөлүнгөн. Үч кабаттуу заманбап соода комплексин 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүү аракеттери көрүлүүдө. Бул соода жайында 16 жумуш орду түзүлөт.

Айбике айылындагы сугат суу долбоору

Айбийке айылында 5,5 чакырым аралыкка сугат суу түтүгүн тартуу иштерине 30 млн сом бөлүнгөн. Ал эми 1,5 млн сом айыл өкмөтүнүн эсебинен каржыланып, айылга суу жеткирилди.

Раззаков шаарындагы мал базар

Облусту өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен аталган мал базарды курууга 15 млн сом ажыратылган. Лейлек районунун өнүктүрүү фондунан 6 млн 700 миң сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн 654 миң сом жумшалып, заманбап шарттар түзүлгөн. Учурда базар үзгүлтүксүз иштеп жатат. Ачылган күндөн бугүнкү күнгө чейин муниципалдык базар 2 млн сом таза киреше тапкан.

Темир бетон, шагыл жана курулуш материалдар заводу

Ак-Суу айыл аймагынын Жеңиш айылында жайгашкан муниципалдык ишкана үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 5 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 2 млн 500 миң сом каржыланган. 5 жумуш оруну түзүлүп, учурда ишкана үзгүлтүксүз иштеп жатат. 2024-жылы жергиликтүү бюджетке 200 миң сом киреше алып келген.

Ак-Суу-Саркент каналы

Ак-Суу айыл аймагында ишке ашырылуучу Ак-Суу - Саркент дарыясынын жээгине таш дамба куруу үчүн республикалык бюджеттен 48 млн 560 миң сом каржыланып, жалпы 2 360 метр аралыкта жумуш аткарылган. Ирригациялык долбоорду улантуу үчүн 2025-жылы дагы 78 млн 639 миң каржыланып, иш уланууда. Курулушту 2025-жылдын 30-сентябрында аяктоо пландалган.

Айна-Таш - Таңги-Башы сугат суу долбоору

Сумбула айылындагы сугат суу долбоору үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомдун эсебинен 10млн 193миң сом каржыланган. Жергиликтүү бюджеттен 810миң сом акча каражаты бөлүнүп, тоодогу булак суусу 5,5км аралыкка сугат суу түтүктөрү аркылуу артылып келинген. Натыйжада 3 айыл суу менен камсыз болгон.

"Жашыл бак" интенсивдүү кооперативи

Кулунду айыл аймагынын Майты участкасына 100 гектар аянт өздөштүрүлдү. Ал үчүн облусту өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 25,8 млн сом каржыланган.
Муниципалдык бакка тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, суу топтоо үчүн 1000 м3 жана 4000 м3 бассейн курулган. Бак көчөттөрү алгачкы түшүмүн бере баштады.

Өкүлдүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жергиликтүү жетекчилерге республикалык бюджеттин эсебинен курулган ишканалардын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылууну тапшырды.