Мамкызмат үчүн кадрларды даярдоону жөнгө салуучу айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди

Президент Загрузка... 21 Апрель 2025 15:00
b7d58f0e-516a-4d99-8eb4-ba08f904614e.jpg
copyright icon Кабар

Бишкек 21.04.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн жаңы муундагы кадрларды даярдоону жөнгө салуучу айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. 

Мыйзам 2025-жылдын 13-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 

Аталган мыйзам Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу жана өлкө үчүн жаңы муундагы адистерди даярдоо, сапаттуу кесиптик билим алуу үчүн президенттик “Акылман” лицейинин, “Эл үмүтү” президенттик программасынын бүтүрүүчүлөрүнөн жана Кыргызстанда өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөрүнөн чыккан таланттуу жаштарды мындан ары да колдоо жана дем берүү максатында кабыл алынган. 

Жогоруда белгиленген максаттарда, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” жана “Билим берүү жөнүндө” мыйзамда төмөнкүдөй өзгөртүүлөр каралган: 

– “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө Кыргызстандын аймагында мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен орто жана жогорку кесиптик билим алуу үчүн билим берүү уюмун жана билим берүү формасын тандап алуу укугун берүү; 

– “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен дүйнөлүк рейтингге кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында орто жана жогорку кесиптик билим алуу укугун берүү; 

– “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүсү дүйнөлүк рейтингдерге кирген чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында окуусунун толук наркын жабууга грант алган учурда, ага министрлер кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдөгү мамлекеттик стипендия төлөө; 

– “Акылман” президенттик лицейинин жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөрү; президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү; Кыргызстандын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине конкурстан тышкары тартипте киргизүү жөнүндө ж.б. 

Белгиленген бүтүрүүчүлөрдүн ичинен кадрлар резервинде турган талапкерлер мамлекеттик жарандык кызматтын же муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы кызмат орундарына артыкчылыктуу тартипте дайындалат, бул учурда квалификациялык талаптар “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн бардык адамдар үчүн бирдей сакталып калат. 

Ошону менен бирге, “Акылман” президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү менен мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда белгилүү бир мөөнөткө иштеп берүү же, эгерде келишимдин шарттарын бузса, окутууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу милдеттенмелери жөнүндө келишим түзүлөт деп көрсөтүлгөн.