Мамкамсыздандыруу уюмунун төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 16 Сентябрь 2025 16:06
e48c0ddce19cca5bf4fb5dca7b4ec3b1_L.jpg

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Салават Садыракунов «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын башкармалыгынын төрага орун басары кызматына дайындалды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти.

Буга чейин бул кызматты аркалап келген Бекмурза Өмүралиев өз каалоосу менен арыз жазып, ыйгарым укуктары токтотулду.

Салават Садыракунов буга чейин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалын жетектеп, ага чейин «Электр станциялары» ААКтын башкы директору болуп иштеген.