Ташкент, 14.11.25. /Кабар/. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча орток ыкманы калыптандыруу демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Борбор Азия мамлекеттеринин маданият министрлеринин бүгүн Ташкент шаарында өтүп жаткан жолугушуусунда билдирди.
Министрдин айтымында, Борбор Азия менен Азербайжандын элдерин миң жылдык тарых, руханий мурас, бай маданият, көчмөн цивилизациянын издери, өз ара таасир жана көп улуттуу тынч жашоонун салттары бириктирет. Тарых сыноолорунан өткөн бул байланыштар биздин жалпы маданий мейкиндикти — ишенимдин, өз ара түшүнүшүүнүн жана чыгармачыл өнөктөштүктүн мейкиндигин түздү.
"Маданият — бул урматтоого, гуманитардык кызматташтыкка жана аймактын туруктуу өнүгүүсүнө негиз болгон фундамент", — деди Мамбеталиев.
Кыргызстан материалдык жана материалдык эмес маданий мурасты сактоого, иликтөөгө жана дүйнөгө жайылтууга өзгөчө көңүл бурат. Министр белгилегендей, тарыхый жана маданий баалуулуктарды чагылдырган эстеликтерди, кол өнөрчүлүк салттарын, эпосторду, оозеки поэзияны, улуттук музыканы жана элдик жөрөлгөлөрдү биргелешип коргоо — аймактык кызматташтыктын маанилүү багыты.
Кыргызстан ЮНЕСКО менен көп жылдан бери жемиштүү кызматташып келет. "Манас" эпосу, кыргыз боз үйү, салттуу кол өнөрчүлүк элементтери, улуттук оюндар жана комуз өнөрү материалдык эмес маданий мурастын эл аралык тизмесине киргизилген. "Бул элементтер — тек гана символ эмес, муундарды жана элдерди бириктирген тирүү көпүрө", — деп баса белгиледи министр.
Ушундан улам Кыргызстан маданий мурасты сактоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча бирдиктүү мамилени калыптандырууну сунуштайт. Бул багыт адистерди даярдоону, реставрация жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана тажрыйба алмашууну камтыйт. "Бүгүнкү дүйнөдө маданий дипломатия өзүнчө бир күчкө айланып, мамлекеттер ортосунда ишенимди, достукту жана өнөктөштүктү чыңдоонун натыйжалуу куралы болуп калды", — деди Мамбеталиев.
Кыргызстан төмөнкү сунуштарды да айтты: театр гастролдорун жана сүрөт көргөзмөлөрүн көбөйтүү, улуттук музыка жана кино фестивалдарын өткөрүү, жаш чыгармачыл адамдар үчүн резиденцияларды уюштуруу. Ошондой эле музейлер ортосундагы кызматташууну кеңейтүү — коллекцияларды санариптештирүү, көчмө көргөзмөлөрдү даярдоо, биргелешкен илимий конференциялар жана архивдик изилдөөлөрдү жүргүзүү. Мындан тышкары, Улуу Жибек жолунун маданий-туристтик маршрустарын биргелешип өнүктүрүү жана бул багытта билим берүү, туризм долбоорлорун ишке ашыруу сунушталды.
Министр креативдүү индустриялар аймактык байланыштарды жакындатып, региондун экономикасына да олуттуу салым кошо аларын белгиледи. Анын айтымында, музыка, кино, анимация, дизайн, кол өнөрчүлүк жана санарип искусствосу сыяктуу багыттар жаңылык менен салтты айкалыштырып, аймактын жаңы маданий брендин жаратып жатат.
Кыргызстан жаш сүрөтчүлөрдү, кол өнөрчүлөрдү, дизайнерлерди жана кинематографисттерди колдоо боюнча тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр. "Жаштар — маданий жаңылануунун жана гуманитардык кызматташтыктын келечектеги лидерлери", — деди министр.
Жыйында ошондой эле региондун маданий мурасы тууралуу биргелешкен документалдык жана көркөм фильмдерди жаратуу, чыгармачылык менен алектенген жаштар үчүн форумдар жана арт-лагерлерди өткөрүү, креативдүү кесиптерди колдогон жаштар уюмдарынын, окуу борборлорунун жана чыгармачыл мектептердин түйүнүн бекемдөө зарылдыгы белгиленди.
Мамбеталиевдин айтымында, Борбор Азиянын колоссалдуу маданий потенциалы БУУ Туруктуу өнүгүү максаттарына — билим, гендердик теңдик, маалыматтык жеткиликтүүлүк жана мурастарды коргоо, маданият аралык диалогду өнүктүрүү — багытында чоң салым кошо алат.
Министр өз сөзүндө өзбек тарапты Самаркандагы ЮНЕСКОнун 43-сессиясын ийгиликтүү өткөргөнү менен куттуктап, 22-сентябрдын Көчмөн мурастын эл аралык күнү катары белгилениши маанилүү кадам болгонун белгиледи.
Ал мындан тышкары Кыргызстанда жакынкы жылдары өтө турган ири иш-чараларга токтолду. 2026-жылы Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын кабыл алат. Бул — спорт, маданият, музыка жана кол өнөрчүлүк аркылуу элдерди бириктирген дүйнөлүк майрам. Аймак өлкөлөрүнүн активдүү катышуусу өзгөчө символдук мааниге ээ.
Ошондой эле 2026-жылы Чыңгыз Айтматов негиздеген Иссык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган эл аралык жолугушууга да чакыруу берилди.
Министр акыркы жылдардагы маанилүү жетишкендиктердин бири катары Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан ортосунда чек ара маселесинин толук чечилишин белгилеп, быйыл Худжанд шаарында Нооруз майрамын үч өлкө бирге өткөргөнү аймактык достуктун үлгүсү болгонун айтты.
Кыргызстан жана ТҮРКСОЙ уюмунун демилгеси менен "Алтын өрөөн" фестивалын жана Фергана өрөөнүнө арналган маданий долбоорду өткөрүүнү сунуштап, Азербайжан менен Түркмөнстанды ардактуу конок катары чакырууну кубаттай турганын билдирди.
Сөзүнүн соңунда министр Ташкенттеги жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданият министрлеринин жыл сайын өтө турган туруктуу диалогуна айланып, аймактагы маданий кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарарына ишеним билдирди.