Малайзияда жол кырсыгынан 15 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 09 Июнь 2025 12:50
WhatsApp Image 2025-06-09 at 12.23.53.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Бүгүн эртең менен Малайзиянын Перак штатындагы Чыгыш-Батыш шоссесинде студенттерди ташыган автобус унаа менен кагылышып, кеминде 15 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык саат 7:10до катталган.

Жарандык коргонуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө, 48 адам жаракат алып, 13 адамдын жансыз денеси окуя болгон жерден табылган. Ал эми эки жабырлануучу ооруканада каза болгон.

“Премьер-министр Анвар Ибрагим жол кырсыгында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Жогорку билим берүү министрлигине каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө тийиштүү жардам көрсөтүүнү координациялоону тапшырды”,-деп айтылат маалыматта.