Ысык-Көл, 06.09.26 /Кабар/. Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу өзүн дүйнөгө кеңири таанытып, өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачылды. Бул тууралуу ырчы, блогер Максат Садырбеков “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Көчмөндөр оюндары менен Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө маанилүү кадам жасалды.
“Бүгүн Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өтөт. Бир жагынан мындай чоң майрамдын бүтүп баратканы өкүнүчтүү. Көп убакыт даярдыктар көрүлүп, бирок тез эле бүтүп калгандай сезим болууда.
Бирок, биз дүйнө жүзүнө өзүбүз жөнүндө жарыяладык. Жеке баракчама бир видеоролик киргизсем, анда негизинен чет өлкөлүктөрдүн пикирлери көп болду. Бүт социалдык тармактарда Кыргызстанды көрсөттүк. Ошондуктан биз эң башкы максатыбызга жеттик деп ойлойм”, - деди ал.
Садырбеков Кыргызстандын дүйнөлүк деңгээлдеги имиджин көтөрүүгө багытталган иш-чараны уюштурууда президент Садыр Жапаровдун эмгегин белгиледи.
“Биринчи кезекте президент Садыр Жапаровго ыраазычылыгыбызды айтабыз. Кыргызстан дүйнөлүк маркетингде өзүн абдан сонун деңгээлде көрсөттү. Эми мындан ары саякатка, туризмге басым жасалышы керек деп ойлойм”, - деди ырчы.
Ал эми өлкөнүн дүйнөгө ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары татыктуу пайдалануу ар бир жарандын жоопкерчилигинде экенин кошумчалады.
“Кыргызстан дүйнө жүзүнө чоң эшик ачып, алдыга аттанды. Эми мындан ары ошол мүмкүнчүлүктөрдүн баарын татыктуу алып кетүү өзүбүздүн колубузда”, - деп белгиледи Максат Садырбеков.