Максат Чаки: Туризмдин өнүгүшү климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташтырылышы керек

Маек Загрузка... 22 Июль 2025 16:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Туризм тармагы боюнча эксперт Максат Чаки Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигине маек берип, Кыргызстанда эс алуу жана көңүл ачуу индустриясын өнүктүрүү боюнча өзүнүн көз карашы менен бөлүштү. Анын айтымында, конокторду тартуу үчүн өзгөчө шарттарды түзүү зарыл. Ошол эле учурда ал жаратылышты сактоо биринчи орунда турушу керектигин жана тармакты өнүктүрүү стратегиялары климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташтырылышы керектигин баса белгилейт.

dd7333ca869593.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Кыргызстан экономиканын маанилүү багыттарынын бири катары туризмге басым жасайт. Чынында эле, биздин жаратылышыбыз уникалдуу, эс алуунун ар кандай багыттарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Бул Ысык-Көлдөгү кумдуу пляждар, токой массивдери жана тоо көлдөрү, кооз капчыгайлар жана өрөөндөр. Учурда лыжа кластерлерин активдүү өнүктүрүү жүрүп жатат. Биз азыр байкап жаткан өзгөрүүлөргө кандай баа бересиз?

Биз туризмди ушул мезгилге чейин жаратылыштын тегерегинде куруп келдик. Бирок акыркы 10-15 жыл көрсөткөндөй, климаттын олуттуу өзгөрүүлөрү болуп жатат. Күчөгөн жана узакка созулган ысык, тез-тез каптаган кургакчылык айрым туристтер барган жерлерди жоготуп коюу коркунучу бар. Бул албетте, жаман вариант, 20 жылдан кийин бул туризмге, анын тармак катары кирешелүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн.

1527846582_3.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Анда биз салкындык, көк чөп, суу, токой издеп, тоолордогу андан да бийик жерлерди өздөштүрөбүз. Ошондуктан, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы глобалдык процесстерди жана климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен стратегиябызды өзгөртүшүбүз керек болот. Менимче, биз Бириккен Араб Эмираттарынан же башка ысык өлкөлөрдөн үлгү алышыбыз керек. Алар жаратылышка эмес, көбүнчө шаарларда туристтик кластерлерди түзүшөт. Анткени, акча табуу жана капиталдаштыруу жагынан алганда, коноктор негизинен мегаполистерде акча көп коротушат.

rear-view-of-a.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Бизде жаңы багыттар жаңыдан өнүгүп жатат, ал эми эски ыкмалар кирешелүүлүк жагынан анчалык деле эффективдүү эмес. Мисалы, Кыргызстандын түштүгүнө күнүнө Өзбекстандан 40-50 миң турист келет. Алардын көбү биздин тоолордо эс алышат. Бирок ошол эле учурда алар өздөрүнүн кичи автобустары менен, өзүнүн суусу, күрүчү, эти менен келишет, башкача айтканда, бардык азык-түлүктөрүн Ферганадан сатып алышат.

Жыйынтыгында алар бизге акчаны аз калтырышат. Боз үйдүн ижарасы үчүн эң көп дегенде миң сом, топчан же сөөрү үчүн – 500 сом. Ошондуктан биз мындан арылышыбыз керек. Эс алуучулар өздөрү менен азык-түлүк алып келбегендей, аларга келген жеринде бардык нерсе менен мүмкүн болушунча камсыз кылуу керек – палоодон жана ар кандай деликатестерден баштап, ыңгайлуу бөлмөлөргө жана кошумча кызматтарга чейин.

WhatsApp_Image_dJMPhpb.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Өнүккөн өлкөлөр турист жаратылышта көп акча коротпосун эбак эле түшүнүшкөн. Ошондуктан биз жасалма мини-шаарларды курушубуз керек. Мисалы, президент Караколдун жанына “Ала-Тоо Резорт” кластерин түзүү жөнүндө жарыялады, муну биз колдошубуз керек. Бул элитардык туризмдин орду болот. Биз ал жерде бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Андан тышкары, ал жерге эко-шаар курушубуз керек. Швейцарияда дал ушундай кылып, туристтер үчүн айылдарды жана кыштактарды түз эле тоолордо курушат.

IMG_4343.max-1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Кыргызстандын ар бир аймагынын өзүнө гана таандык кооз жерлери бар. Ысык-Көл эле эмес, Караколдо тоо лыжа базасы, Ошто Сулайман-Тоо жана Жалал-Абад облусунда жаңгак токойлору бар. Массалык туризм тигил же бул жагынан экология маселелерин козгойт. Инфраструктураны өнүктүрүү маанилүү, бирок экологияга минималдуу зыян келтирүү менен. Муну кантип жазаса болот?

Биз жаратылышка көбүрөөк көңүл буруп, аяр мамиле жасашыбыз керек. Экология – биринчи кезектеги маселе, ошондуктан бардык чыгымдар акчалай бааланып, айлана-чөйрөнү сактоого жумшалышы керек. Бул тең салмактуулукту сактоонун маанилүү шарты. 90-жылдары биз жаңыдан үйрөнүп жатканда, көпчүлүккө жана жөнөкөй мүмкүнчүлүктөрү бар конокторго басым жасалган. Ошондо биз колубузда болгондун баарын колдонгонбуз. Бирок бүгүнкү күндө биз жөнөкөйлүктөн алыстап, жаңы жолдорду издешибиз керек. Биз өзүбүздүн уникалдуу продукцияларыбызды жаратышыбыз керек, ал үчүн эң ылайыктуу вариант – бул кичинекей туристтик шаарлар.

2021-11-09-220.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Түркияга көз чаптырыңыз, ал жакта эс алууга келгендерди жаратылыш жерлерине алып барышпайт, тескерисинче Анталия, Измир, Стамбул, Анкара жана башка шаарлардагы жакшы мейманканаларды сунушташат. Европа өлкөлөрүндө дагы ушундай, алар туристтерди Парижге же Миланга алып барышат. Шаарларда жүргөн эс алуучулар таксиге, шопингге, жергиликтүү ашканага көбүрөөк акча коротушат. Башкача айтканда, бул өзүнчө бир экосистема, көңүл ачуу индустриясы, анын кирешеси абдан чоң жана жергиликтүү калкты конокторду тейлөөгө тартып турат.

WhatsApp_Image_Vmgu21D.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Жогорууда айтканымдай, Швейцарияда эле, тоолордо жаратылышка шайкеш келген мини-шаарлар курулган. Мисалы, Варна же Карловы Вары. Бул жакта туристтер үчүн конуштар бар, алар абдан ийгиликтүү иштеп жатат, анткени ал жакта элиталык эс алуу үчүн баары бар – бутиктер, ресторандар, түнкү клубдар, люкс мейманканалар, кээ бир жерлерде казино да бар. Ал жакка 10 миң доллардан кем эмес, кээ бири 100 миң доллардан ашык сарптоого даяр туристтер келишет. Бизге азырынча бюджети андан алда канча аз коноктор келишет. Ошондуктан, азыркы этапта туризмдин ИДПга кошкон салымы анча чоң эмес.

Ал эми, бизде туристти тоолорго алып келишет, ал жакта акча коротууга эч нерсе жок. Ал жакта кургак тамак менен да жашап кетсе болот, ал тургай эң таза дарыялардан суу да ичсе болот.

Туризмди өнүктүрүүнүн кайсы багыттарын өзгөчө белгилесе болот, бул тармактын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу үчүн жасалып жаткан аракеттерди кандай баалайсыз жана кайсы багыттарды күчөтүү керек?

Кыргызстандын президентинин демилгесин мен толугу менен колдойм. Биз элиталык туризм үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Бюджеттик варианттарды да сактап калуу керек, бирок жаңы долбоорлор башталган жерде, өзгөчө Ысык-Көлүбүздүн түштүк жээгинде, клубдар, барлар, концерттик залдар жана казинолор менен бардык жогорку класстагы кызматтардын топтому менен заманбап мини-шаарларды куруу керек. Ошондо биз кардарлардын бардык талаптарын канааттандыра алабыз.

022d0697b2c55a.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Ошол сыяктуу эле тоолордо биз мини-шаарлардын инфраструктурасын жаратылыш менен шайкештикте өнүктүрүшүбүз керек, ал жерде бардык нерсе болушу керек - соодадан баштап көңүл ачууга чейин. Бул элиталык эс алуу аймактар болот. Туристтер ал жакка сөзсүз барышат деп ишенем.

Мындан тышкары, туризм климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу зарыл. Мисалы, бизге эң жакын Өзбекстанды алалы. Самарканд жана Бухара сыяктуу шаарларда бизге караганда бир топ ысык болот, бирок туристтер муну дээрлик сезишпейт.

5da0022fb47ca2.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Мейманканаларда жана таксилерде кондиционерлер бар, кооз жерлерди көрүү убактысы ойлонулган, зарыл болсо экскурсиялар түнкүсүн да өткөрүлөт. Ошондуктан, туристтер ал жакка көп барышат. Биз да ушундай жол менен барышыбыз керек, эгерде тоолордо, мисалы, лыжа тебүүгө кар жок болсо, анда конок көңүл ачып, акча корото турган башка альтернативалар бар болушу зарыл. Бул бюджетке олуттуу каржылык колдоо көрсөтө турган экономикалык жактан натыйжалуу модель болот.