Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарында жогорку окуу жайын ачуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Маалыматта белгилегендей, Майлуу-Суу шаарынын дараметин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү, анын ичинде № 76 кесиптик лицейдин базасында жогорку окуу жайын ачуу маселелери каралууда.
Белгилей кетсек, ушул күндөрү президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүрөт. Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы облус эли менен жеринен жолугууда.