Касымалиев Майлуу-Суу лампа заводун өнүктүрүү боюнча отчетторду укту

Министрлер кабинети 18 сентябрь 2026 12:20
6aacd3010018d (1).jpg
6aacd300acfd4 (1).jpg
6aacd3130baa3.jpg
6aacd312ecdad.jpg
6aacd312bd93a.jpg
6aacd312bd62c.jpg
6aacd31282086.jpg
6aacd312682a0.jpg
6aacd3010593e.jpg
Алдыга
Артка
6aacd3010018d (1).jpg
6aacd300acfd4 (1).jpg
6aacd3130baa3.jpg
6aacd312ecdad.jpg
6aacd312bd93a.jpg
6aacd312bd62c.jpg
6aacd31282086.jpg
6aacd312682a0.jpg
6aacd3010593e.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коомунун учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында "Майлуу-Суу лампа заводу" боюнча үстүбүздөгү жылы кабыл алынган чечимдердин аткарылышы каралды. Анын ичинде президенттин фондунан каражат бөлүү, ишкананын уставдык капиталын көбөйтүү жана  президенттин "Майлуу-Суу электр лампа заводун кайра жандандыруу жөнүндө" жарлыгын кабыл алуу жана анын базасында индустриалдык парк түзүү боюнча аткарылган иштер боюнча отчетту укту.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга өндүрүштү модернизациялоону тездетүү, ишканалардын финансылык-экономикалык абалын чыңдоо жана рентабелдүү ишин камсыз кылуу, ишканаларга инвесторлорду тартуу, ошондой эле жумуш орундарын сактоо боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.