Бишкек, 30.07.26 /Кабар/. Испаниянын Мадрид автономдуу аймагында чыккан ири токой өртүнүн кесепетинен 100гө жакын турак жай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ТАСС билдирет.
Маалыматка ылайык, өрттүн аянты болжол менен 27 миң гектарды түзөт. Анын айынан ондогон үй-бүлө турак жайсыз калды.
Учурда Испаниянын бир нече аймагында токой өрттөрү күч алууда. Эң ири өрт Мадрид автономдуу коомчулугу менен Авила провинциясын камтып, жалпы 77 миң гектардан ашык аймакты каптады. Кырсык азырынча толук көзөмөлгө алынбаса да, адистер кырдаал туруктуу экенин билдиришүүдө.
Испаниянын бийлиги өрттөн жабыркаган аймактарды өзгөчө кырдаалдан олуттуу зыян тарткан аймактар деп жарыялады. Авиладагы токой өртү өлкөдө байкоо жүргүзүлө баштагандан берки эң ири өрт болуп калды.
Премьер-министр Педро Санчестин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан бери Испанияда токой өрттөрү 150 миң гектарга жакын жерди жок кылып, 13 адамдын өмүрүн алды.