Быйылкы жыл Кыргызстанда маданияттын күчү айкын сезилген жыл болду. Театр, кино, музей жана жаштар демилгелери аркылуу улуттук рух дүйнөгө таанытылып, маданият коомдун өнүгүшүнө жана келечегине кызмат кыла турган негизги күч экенин далилдеди.
2025-жылы министрликтин бюджети 7 миллиард сом деп бекитилген. Жыл ичинде бюджеттин 86 пайызы аткарылып, жалпы чыгымдар 6 млрд 54 млн сомду түздү.

- Маданий имараттарды оңдоп-түзөө иштерине - 115 млн сом;
- Материалдык-техникалык базаны чыңдоого - 900 млн сом;
- анын ичинен толук каржыланганы - 712 млн сом болду.
Алардын катарында, Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театры, Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры, “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси, Жалал-Абад шаардык маданият техникумунун жатаканасы, Б.Бейшеналиева атындагы университеттин спорт залы, ошондой эле бир катар облус аралык музыкалык окуу жайлар менен театрлар бар.

Мындан сырткары өлкө боюнча 137 курууга жана 99 оңдоого муктаж 236 объект катталган:
Алардын ичинен:
- М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаты пайдаланууга берилди;
- Б. Бейшеналиева атындагы университеттин жаңы окуу корпусу;
- Суусамыр айылдык клубу;
- Тосор айылдык клубу;
- Ысык-Көл облусундагы искусство мектептери;
- Жалал-Абад облусундагы искусство мектептери;
- Жалал-Абад облусундагы маданият мекемелери;
- Ош облусундагы маданият мекемелери;
- Таластагы “Манас Ордо” комплекси оңдолууда.
Театр жана оюн-зоок мекемелери 1 млндон ашуун көрүүчүнү тейлеп, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн эки эсе жогору болду (2024-ж. - 496 151 миң). Жалпы коюмдардын саны 2837ни түздү (2024-ж. – 1982). Жаңы 79 коюмдар коюлган.

Эл аралык жана республикалык маданий иш-чаралар
“Өрүкзар” эл аралык поэзия фестивалы,
“Жаңы ысымдар” X эл аралык студенттик спектаклдер фестивалы,
IV Эл аралык “Мейкин Азия” популярдуу музыка фестивалы,
“Рух Санат” дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалы,
II эл аралык “Виват, рояль!”,
XIII республикалык театр фестивалы;
Х эл аралык “ART-ORDO-2025” театр фестивалы;
“Art Dialog” театрдын бүгүнкү абалы жана келечеги” аталышындагы иш-чара.

Музейлерди санариптештирүү
Музей фонддору 1 314 жаңы буюм менен толукталып, 354 буюм реставрацияланып, 25 273 буюм санариптештирилди, ал эми көрөрмандар саны болжол менен 936 142 адамга жетти.
Музей системасын жаңылоо алкагында museum.gov.kg улуттук электрондук базасы жана экспонаттарды автоматтык эсепке алуу системасы, ошондой эле kcrms.org платформасы ишке киргизилди. Бул музей ишин ачык жана жеткиликтүү кылды. Ошондой эле Улуттук тарых музейинде, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде, “Сулайман-Тоо” музей комплексинде, Курманжан Датка борборунда жана М.В. Фрунзе үй-музейинде “Санарип жана архив” бөлмөлөрү ачылды.
Мамлекеттик менчикке өткөрүлүп берилген музейлер:
- Кошой-Коргон комплекси;
- Нарын шаарында жайгашкан “AS” искусство галереясы;
- Жусуп Абдрахманов музейи;

Китепканалар
2025-жылы министрликке караштуу 51 китепкана 4 млн 860 миңден ашуун окурманды тейлеп, өткөн жылга салыштырмалуу 21 пайыздык өсүшкө жетишти. Кара-Кыргыз автономия облусунун 100 жылдыгына карата 102 аталыштагы 102 000 нуска китеп жарык көрдү. “Китеп Fest–2025” жана “Түрк тилдүү элдердин адабият борбору” долбоорлору китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту. Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата орус тилиндеги 12 томдук чыгармалар жыйнагы басылып чыкты. Ош облустук китепканасында аянты 167,23 чарчы метр болгон коворкинг борбору ачылып, долбоордун баасы 4 млн 109 миң сомду түздү.

Аймактык бөлүмдөр
Министрликке караштуу 50 аймактык маданият бөлүмү иш алып барып, 38 миңден ашык маданий иш-чара өткөрүлдү. Аларга 900 миңден ашуун көрүүчү катышты. Бул көрсөткүчтөр аймактарда маданий жашоонун жанданып, элдин маданиятка болгон кызыгуусу артканын айгинелейт.
Материалдык эмес маданий мурастар
Мамлекеттик каржылоонун негизинде биринчи ирет түзүлгөн экспедициялык топ Монголиянын Баян-Улгий жана Увс аймактарындагы кыргыздардын тарыхый, маданий жана фольклордук мурастарын изилдөөнү ийгиликтүү өткөрдү.

Археология жана тарыхый мурастарды коргоо
Ошондой эле быйылкы жылы өлкө боюнча археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, тарыхый эстеликтерди сактоо жана каттоо боюнча маанилүү иштер аткарылды. Аймактарда объекттер паспорттолуп, карталар түзүлдү, аска-таш сүрөттөрү жана палеолит доорунун эстеликтери изилденди. “Саймалуу-Таш” эстелиги документтештирилип, ЮНЕСКОго номинацияга даярдалууда. Ошондой эле бир катар аймактарда археологиялык казуулар жүргүзүлүп, Таш-Рабатта реставрация иштери уланууда. “Жибек жолу: Фергана–Сырдарыя коридору” номинациясы ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн расмий сунушталды.

Кол өнөрчүлүк жана эл аралык кызматташтык
Корея менен биргеликте “Салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жана санариптик маркетинг аркылуу маданий туризмди колдоо” (ODA, 2023–2026) долбоору активдүү ишке ашырылды. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн жана арт-искусство усталарынын бир катар көргөзмөлөрү уюштурулуп, материалдык эмес маданий мурастарды жайылтуу максатында фестивалдар жана форумдар өткөрүлдү.
Тажикстандагы Кыргызстандын Маданият күндөрү өзгөчө ийгилик менен өткөрүлүп, эки элдин достугун жана маданий кызматташтыгын бекемдеди.

Негизги иш-чаралар
- Мамлекеттик гимндин жаңы редакциясы боюнча сынак жыйынтыкталып, беш мыкты текст жана үч музыка варианты Жогорку Кеңешке сунушталды;
- “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли коюлду;
- “Nomad” триосу “Интервидение” эл аралык сынагында 2-орунду ээледи;
- “Эргүү” улуттук театр сыйлыгы тапшырылды;
- ГИТИС менен биргеликте театр жетекчилери үчүн “Театр менеджменти” боюнча квалификацияны жогорулатуу курсу өткөрүлдү;
- Парижде өткөн Fusion Concept Festival 2025 финалында HustleTwinz (Ома жана Ема) бийчилери экинчи орунду алышты;
- Москвадагы М. Щепкин атындагы институттун 22 бүтүрүүчүсү Ош улуттук драма театрына жумушка орношту;
- Театр факультетинин студенттери үчүн тажрыйбалык окууларды театрларда туруктуу негизде өткөрүү чечими кабыл алынды.
- Б.Бейшеналиева атындагы университетке “улуттук” макамы ыйгарылды;
- М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын жаңы имаратынын курулушу башталып, ага жети жүз миллион сом бөлүндү.

Маалыматтык саясат тармагы
Медиа чөйрөнүн ачыктыгын камсыз кылуу багытында жаңы “ЖМК жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, телерадио уюмдарына 87 лицензия берилди. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузууларга чаралар көрүлүп, жалган маалымат боюнча арыздар каралды. Ошондой эле медиасабаттуулук жана санариптик коопсуздук боюнча кампания өткөрүлүп, 800дөн ашык мамлекеттик кызматкер окутулду.

Жаштар саясаты
2025-жылы жаштар саясаты багытында өлкө ичинде бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылды. “Жаштардын бакубаттуулук жана өнүгүү индекси” изилдөөсү жүргүзүлүп, “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагында Манас, Нарын жана Кара-Көл шаарлары жалпысынан 6 млн сом байгеге ээ болду. Мамлекеттик социалдык заказ аркылуу жаштар уюмдары колдоого алынып, фестивалдар жаштардын чыгармачылыгын өнүктүрдү. Ошондой эле 10 жаштар долбоору каржыланып, Бишкекте президенттин катышуусунда 5 миңден ашык жаштарды чогулткан “Кыялымдагы Кыргызстан” форуму өттү.

Эл аралык кызматташтык
2025-жылы Кыргызстан эл аралык жаштар жана маданий кызматташтыкты активдүү өнүктүрдү. Бишкекти ИКУнун Жаштар борборуна айлантуу демилгеси көтөрүлүп, бир катар мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу документтерине кол коюлду. Кыргыз–Казак жаштар форуму жана БУУнун жыйындары өлкөнүн эл аралык диалогдогу ролун бекемдеди. Ошондой эле дүйнөнүн бир нече шаарында кыргыз маданияты таанытылып, ЭКСПО-2025 Осака алкагында Кыргызстандын Улуттук күнү белгиленип, улуттук павильон алтын сыйлыкка ээ болду.

Кинематография тармагы
2025-жылы Кыргызстан кино тармагында эл аралык кызматташтыкты кеңейтип, Италия жана Түркия менен биргелешкен өндүрүш боюнча макулдашууларды ишке ашырды. Бишкектеги III Эл аралык кинофестивалга 26 өлкөдөн 200гө жакын адис катышып, фестиваль жогорку эл аралык деңгээлде өттү. Кыргыз тасмалары дүйнөлүк фестивалдарда байгелүү орундарды ээлеп, өлкө аймагында 150дөн ашык көчмө кинокөрсөтүү уюштурулду. Ошондой эле “Кыргызтасмасы” аркылуу жүздөгөн тасмалар каттоодон өтүп, Германия, Франция, Индия жана башка өлкөлөр менен биргелешкен долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.