Маданият министринин орун басары алмашты — Кабар

Маданият министринин орун басары алмашты

Кадрлар жана дайындоолор 15 сентябрь 2025 16:35
547498093_1087340546891034_7269715989156149893_n.jpg
548894319_1087340500224372_5197246423052926231_n.jpg
Алдыга
Артка
547498093_1087340546891034_7269715989156149893_n.jpg
548894319_1087340500224372_5197246423052926231_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 15.09.25 /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова кызмат ордунан бошотулуп, ордуна Аскаралы Мадаминов дайындалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Аскаралы Мадаминовду жалпы жамаатка маданият министри Мирбек Мамбеталиев жана президенттин администрациясынын Тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Чынгыз Эсенгул уулу тааныштырып, жаңы дайындалган орун басардын жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалашты.

Аскаралы Мадаминов министрликтин административдик иштерин координациялоону жүргүзмөкчү.

Аскаралы Мадаминов тууралуу маалымат:
• 1988-жылы туулган, жогорку билимдүү. Президентке караштуу Башкаруу академиясын аяктаган.
• Эмгек жолун 2008-жылы баштаган, мамлекеттик жана коомдук кызматтарда ар кандай жооптуу кызматтарды аркалаган.
• Жогорку Кеңеш депутатынын жардамчысы болуп иштеп, мыйзам чыгаруу процесстерине катышкан.
• Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты мамлекеттик агенттигинин улуттук спорттун түрлөрү боюнча олимпиадалык эмес дирекциясында жетекчилик кызматтарды аркалап, II, III жана IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулук иштерине активдүү катышкан.
• 2025-жылдан тартып Улуттук маданий борборунун директору болуп иштеп келген.
• Мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды уюштурууда чоң тажрыйбага ээ.
• Премьер-министрдин, бир катар министрликтердин жана шаардык кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланган. «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги» төш белгисинин ээси.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жаңы дайындалган орун басарга Кыргызстандын маданий, маалыматтык жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө салым кошоруна ишеним билдирет.