Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Үсөн Касыбеков узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.
Үсөн Касыбеков 1949-жылы 8-майда Нарын облусунун Кочкор районунун Шамшы айылында туулган. Өмүрүнүн басымдуу бөлүгү педагогикага арналып, И.Арабаев атындагы КМУда окутуучу болуп эмгектенген.
Журналист катары «Асаба», «Кыргыз Туусу», «Литературный Кыргызстан», «Фабула» жана башка гезиттерде иштеген.
Үсөн Касыбеков СССР Журналисттер союузунун жана Кыргызстандын көз карандысыз жазуучулар союзунунун мүчөсү болгон.
Үсөн Касыбековдун жаркын элеси кыргыз адабиятынын тарыхында гана эмес, жакындарынын, кесиптештеринин жана окурмандарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 19-сентябрда өтөт.