Бишкек, 22.07.26 /Кабар/. Бүгүндөн тарта Париждеги Лувр музейи 2025-жылы болгон экспонаттарды тоноого байланышкан окуядан кийин алгачкы жолу Аполлон галереясын ачат. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.
Музейдин директору Кристоф Лерибонун айтымында, уурулуктан кийин галереяда сакталган бардык баалуу зер буюмдар жана тарыхый экспонаттар коопсуздук максатында музейден чыгарылган. Ошондуктан галереядагы айнек витриналар алынып, мурда көргөзүлгөн зергерчилик буюмдары убактылуу коюлбайт.
Эске салсак, 2025-жылдын октябрь айында төрт кылмышкер автогидро көтөргүчтүн жардамы менен музейге кирип, Аполлон галереясындагы витриналарды талкалап, сегиз тарыхый зер буюмду уурдап кеткен. Каракчылык болгону жети мүнөттө ишке ашырылган.
Уурдалган экспонаттардын арасында Наполеон IIIтүн жубайы, императрица Евгенияга таандык, 1 354 бриллиант менен кооздолгон атактуу таажы да болгон. Бирок кылмышкерлер качып бара жатканда таажыны түшүрүп алышкан.
Франциянын тергөө органдарынын маалыматына ылайык, уурдалган зер буюмдардын жалпы баасы болжол менен 88 миллион еврону түзөт. Шектүүлөр эки жумадан кийин кармалганы менен, тарыхый баалуулуктардын негизги бөлүгү бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.