Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Лос-Анжелестеги нааразылык акцияларында 400гө жакын адам камакка алынды.Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.
Маалыматка караганда, кармалгандардын арасында документи жок 330 мигрант, полицияга кол көтөргөн жана тоскоолдук кылган 157 адам камалган.
Ошондой эле буга чейин 10-июнда күчүнө кирген коменданттык саатты эске албагандыгы үчүн 220 адам камакка алынган.
“АКШнын президенти Дональд Трамп Калифорния штатынын губернатору Гэвин Ньюом жана башка жергиликтүү аткаминерлердин каршылыгына карабай, Лос-Анжелеске Улуттук гвардиянын 4 миңден ашуун аскерин жана 700гө жакын деңиз аскерлерин жиберүүгө буйрук берди”,-деп айтылат маалыматта.